Катчылык Климаттык каржылоонун потенциалын чыңдоо боюнча семинарга катышты

2024-жылдын 25-июнунда “Кыргызстандагы климаттык каржылоо процессин башкаруу жана сапаттуу долбоорлорду даярдоо потенциалын күчөтүү” долбоору боюнча таанышуу семинары болуп өттү. Иш-чара КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Климаттык каржылоо борбору жана GIZ тарабынан уюштурулган.

Семинарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев да катышты. Өз сөзүндө ал климаттык инвестицияларды пландаштырууда жана ишке ашырууда жеке сектордун катышуусунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Кыдырбаев ошондой эле климаттык долбоорлорго бизнести тартуунун негизги аспектилери жана алардын өлкөнүн экономикасын туруктуу өнүктүрүү үчүн мааниси менен тааныштырды.

Семинардын негизги темалары долбоордун максаттарын жана иш-чараларын презентациялоо, улуттук өнөктөштөр менен эл аралык уюмдардын ортосундагы координациялоо жана климаттык каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоону камтыды. Семинардын катышуучулары актуалдуу маселелерди талкуулап, мындан аркы кызматташуунун стратегияларын сунушташты.

Бардык катышуучулардын жигердүү катышуусунун жана конструктивдүү сунуштарынын аркасында Кыргыз Республикасында климаттык долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн мындан аркы кадамдар белгиленди.