Инвестициялык кеңештин катчылыгынын Outpost Eurasia компаниясынын жетекчилиги менен онлайн жолугушуусу

Бүгүн, 24-майда Инвестициялык кеңештин катчылыгы Outpost Eurasia компаниянын жетекчилиги -  Назим Турдумамбетов жана Олег Абдурашитов менен онлайн жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө Катчылыктын жетекчиси Улук Кыдырбаев баяндама жасап, Инвестициялык кеңештин ишмердүүлүгү жана Кыргыз Республикасындагы инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган учурдагы демилгелер тууралуу айтып берди.

Outpost Eurasia командасы бир катар мамлекеттерде, анын ичинде Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик саясатты жана мамлекеттик иштер боюнча демилгелерди колдогон кызматтары тууралуу маалымат менен бөлүштү. Алардын тажрыйбасы саясатты талдоо, кызыкдар тараптардын картасын түзүү, коомчулук менен байланышуу боюнча консультацияларды, эдвокаси, саясий коммуникациялар, ESG консалтинги жана корпоративдик социалдык жоопкерчилик демилгелерин камтыйт:

  • Регулятивдик өзгөрүүлөрдү алдын ала билүү жана алардын потенциалдуу таасирин баалоо үчүн болгон жана сунушталган стратегияларды тыкыр изилдөө жана баалоо жүргүзүү.
  • Негизги кызыкдар тараптарды, анын ичинде мамлекеттик органдарды, бейөкмөт уюмдарды жана аналитикалык борборлорду аныктоо жана артыкчылыктарын белгилөө, ошондой эле өз ара аракеттенүү стратегияларын пландаштыруу.
  • Коомчулук менен байланышты жана лоббирикти камтыган натыйжалуу эдвокаси стратегияларын иштеп чыгуу.
  • Ар кандай аудиториялар үчүн ылайыкташтырылган коммуникация стратегияларын иштеп чыгуу.
  • ESG практикасын жана уюмдардын КСЖ демилгелерин талдоо, тармактык стандарттар менен салыштыруу жана туруктуулук боюнча комплекстүү отчетторду даярдоо.

Жолугушуунун жүрүшүндө Инвестициялык кеңеш катчылыгы менен Outpost Eurasia ортосундагы кызматташуунун мүмкүн болгон багыттары боюнча активдүү талкуу жүрдү. Эки тарап тең ченемдик-укуктук чөйрөнү жакшыртууга жана Кыргыз Республикасындагы туруктуу өнүгүүгө колдоо көрсөтүүчү долбоорлордун үстүндө биргелешип иштөөгө кызыкдар экенин билдиришти.