Жашыл технологиялардын жана муниципалдык өнөктөштүктүн интеграциясы

Понедельник, 29 Апрель 2024 12:06

Инвестициялык кеңештин катчылыгында Кыргыз Республикасынын аймактарын туруктуу өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн, өзгөчө “жашыл” технологияларды жана бизнес-ыкмаларды колдонууда жеке секторду колдоону талкуулоо боюнча жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда «Кыргыз Республикасындагы муниципалдык менчикти менчиктештирүү ыкмаларын колдонуу» аттуу темада сунум жасалды. Иш-чарага министрликтердин жана ведомстволордун, бизнес-ассоциациялардын, ошондой эле Германия жана Швейцария өкмөттөрү, ошондой эле Европа биримдиги тарабынан каржыланган GIZтин «Жашыл экономика жана жеке сектордун туруктуу өнүктүрүү» программасынын өкүлдөрү катышышты.

Презентациянын жүрүшүндө ишкерлер тарабынан муниципалдык менчикти башкаруу жана ижарага берүү боюнча учурдагы кырдаалга баа берилди. Жолугушуунун катышуучулары төмөнкүдөй шарттарды түзүү мүмкүнчүлүктөрүн карашты:

  • негизги капиталга, анын ичинде «жашыл» долбоорлорго инвестициялоо аркылуу инновацияларды өнүктүрүү үчүн бизнести колдоо;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан экономиканын артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүүгө, муниципалдык жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүгө дем берүү.

Мындан тышкары, региондордогу бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү тарабынан муниципалдык менчикти пайдаланууда орун алган тоскоолдуктар жана жеке секторду жана бүтүндөй жергиликтүү коомчулукту туруктуу өнүктүрүү максатында тоскоолдуктарды чечүү мүмкүнчүлүктөрү сунушталды.

Талкуунун жыйынтыгында катышуучулар диалогду улантууну жана өлкөдө муниципалдык жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүгө көмөктөшүү үчүн учурдагы ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгууну макулдашты.