ЕЭКтин Бажы кызматташтыгы боюнча министри менен жолугушуу

2024-жылдын 29-мартында Инвестициялык кеңештин катчылыгынын кеңсесинде, Катчылыктын жетекчиси Улук Кыдырбаев менен Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы кызматташтыгы боюнча министри Эльдар Алишеровдун жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө Улук Кыдырбаев министрди Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимге кошулуусуна байланыштуу шарттар жана өткөөл жоболор жөнүндө протоколдо каралган өткөрүү пункттарын жайгаштыруу жана материалдык-техникалык жактан жабдуу боюнча иш-чаралардын аяктагандыгы менен куттуктады. Тараптар ошондой эле ЕЭК менен Инвестициялык кеңештин катчылыгынын ишкердик субъекттеринен келип чыккан маселелер боюнча, ошондой эле ЕАЭБ алкагында бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча өз ара аракеттенүүнүн мүмкүн болгон механизмдерин талкуулашты.