Экономикалык журналистика программасы старт алды

Урматтуу достор,
29-мартта мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) темасында экономикалык журналистиканын алкагында биринчи таанышуу жыйынын болуп өттү. Жолугушуу бейформал түрүндө өтуп, экономикалык жаңылыктар тармагындагы журналисттерди, МЖӨ борборунун өкүлдөрүн, ошондой эле көз карандысыз экспертти чогултту. Катышуучулар өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн жана инвестициялык жаңылыктар контекстинде МЖӨнүн маанилүүлүгүн жана келечегин талкуулашты.
Жолугушууда МЖӨнүн негизги аспектилери, анын ичинде долбоордун катышуучулары туш болгон артыкчылыктар жана көйгөйлөр айтылды. Ошондой эле экономиканын ар кандай тармактарында МЖӨ ийгиликтүү колдонулуп жатканын көрсөткөн реалдуу иштер каралды.
Талкуу журналисттерде МЖӨ темасына кызыгуулар бар экендигин жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк берип жаткан артыкчылыктар жана мүмкүнчүлүктөр жөнүндө коомчулукка маалымдоодо ЖМКнын маанилүү ролу баса белгиленди.
МЖӨ борборунан катышкандар:
Жангелдиев Каратай Энсович - МЖӨ долбоорлорун тартуу жана даярдоо бөлүмүнүн башчысы,
Момбеков Санжар Таалайбекович - МЖӨ долбоорлорун тартуу жана даярдоо бөлүмүнүн башкы адиси,
Исмаилова Ак Марал Данияровна - МЖӨ долбоорлорун илгерилетүү жана ишке ашыруу бөлүмүнүн адиси.
Ошондой эле Түштүк Кореядан келген профессор Хван Вон Гю эксперт катары катышты.
МЖӨ борборунун өкүлдөрүнө жана бардык журналисттерге активдүү катышкандыгы жана баалуу ой-пикирлери үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бул экономикалык журналистиканын өнүгүүсунө болгон биздин биргелешкен аракетибиздин биринчи гана кадамы болуп эсептелинет. Кийинки жолугушууларыбыз да ошондой кызыктуу жана мазмундуу болот деп ишенебиз.
Катышууга арыз алуу уланууда. Бардык кызыкдар тараптар кийинки жолугушууларга катышуу үчүн төмөнкү шилтеме аркылуу катталуулары зарыл: https://forms.gle/JosrkdFJBXNnSa8CA