Дареги: Бишкек шаары, Игембердиев к., 1а, Аврора бизнес борбору, 4-кабат, 410-кеңсе, тел.: 0312 963600, 0999 963600 office@investment.kg

Күн тартиби 2013-жылдын 17-июну

 

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин отурумунун
Күн тартиби

 

Отурумдун өткөрүү датасы жана убактысы:
2013-жылдын 17-июну
15:00-17:00
Отурумдун өткөрүү орду:
КР Өкмөт Үйүнүн
Чарчы залы

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин 2013-жылдын 19-мартындагы он биринчи отурумунун чечимдеринин аткарылышы жөнүндө
Баяндоочу: Кеңештин катчысы Т. Койчуманов.

2. Салык төлөбөгөндүктүн тобокелинин факторлорун баалоо механизмдерин киргизүүнүн жыйынтыктары жөнүндө
Баяндоочу: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы И. Масалиев.
Комментарийлер: Салык консультанттар палатасынын төрайымы Т. Ким, Эл аралык финансылык корпорациянын өкүлү.

3. 2013 – 2017-жылдарга экспортту өнүктүрүү стратегиясынын долбоору жөнүндө
Баяндоочу: КР Экономика министри Т. Сариев.
Комментарий: Эл аралык соода борборунун “Кыргыз Республикасында сооданы жылдыруу” долбоорунун менеджери И. Кадырканова.

4. Калктын финансылык сабаттуулугун жана инвестициялык активдүүлүгүн жогорулатуу маселелери жөнүндө
Баяндоочу: Бишкектеги Ишкерлер клубунун мүчөсү Н.Симонова.
Комментарийлер: КР Өкмөтүнө караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Ю.Тойчубеков, КР Улуттук банкынын төрагасынын орун басары З.Чокоев.

5. Ар кандай маселелер:

- Кыргыз Республикасында күнөскана чарбасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү жөнүндө
Баяндоочу: КР Соода-өнөр жай палатасынын кеңешинин төрагасынын орун басары Н. Мусуралиев.
Комментарийлер: КР Экономика министри Т. Сариев, КР Айыл чарба жана мелиорация министри Ч.Узакбаев.

- Жеке бөлүштүрүүчү компаниялардын жардамы менен энергия секторунун көйгөйлөрүн чечүү жөнүндө
Баяндоочу: КР Энергетика комплексинин Ишкерлер ассоциациясынын аткаруучу директору У. Ибраимов.
Комментарий: КР Энергетика жана өнөр жай министри О. Артыкбаев