Дареги: Бишкек шаары, Игембердиев к., 1а, Аврора бизнес борбору, 4-кабат, 410-кеңсе, тел.: 0312 963600, 0999 963600 office@investment.kg

Күн тартиби 22011-жылдын 22-сентябры

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин отурумунун
Күн тартиби

 

Отурумдун өткөрүү датасы жана убактысы:
2011-жылдын 22-сентябры
17:00-18:30
Отурумдун өткөрүү орду:
КР Өкмөт Үйүнүн
Чарчы залы

1. 2011-жылдын 26-майындагы Кеңештин төртүнчү отурумунун чечимдерин ишке ашыруу жөнүндө маалымат – Кеңештин катчысы Т. Койчуманов.

2. Бизнестин милдеттүү камсыздандыруу төлөөлөрү боюнча сунуштардын негиздүүлүгү – Салык консультанттар палатасынын төрайымы, Бизнес-ассоциациялар улуттук альянсынын мүчөсү Т. Ким, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Ю. Тойчубеков.

3. “Жер казнасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар үчүн жер казнасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн тартиби жана шарттары тууралуу” Жобонун долбоору жөнүндө - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстарынын министри З. Эсенаманов, Эл аралык ишкерлер кеңешинин мүчөсү К. Ашыркулов.

4. Импорттолуучу, Кыргыз Республикасынын бажы аймагында өндүрүлүүчү (таңыкталуучу) жана сатылуучу чайдын салык маркасын жокко чыгаруу жөнүндө – Жеткирип берүүчүлөрдүн (өндүрүүчүлөрдүн жана дистрибьюторлордун) ассоциациясынын президенти Г. Үскөнбаева.