Квалификациялуу жумушчу кадрларын жетишсиздигин жоюу боюнча биргелешкен иш

20-мартта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгынын жетекчиси У.А.Кыдырбаев менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Б.Т.Супаналиевдин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга ошондой эле Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы А.Б.Найманбаев, катчылыктын экономикалык маселелер боюнча башкы адиси А.О.Мусабеков, катчылыктын укуктук маселелер боюнча кенже адиси М.Б.Саламова катышышты.
Талкуунун негизги маселеси өлкөдө экономиканын ар кыл тармактарынын өнүгүшүнө олуттуу таасирин тийгизген квалификациялуу кадрлардын курч жетишсиздиги болду. Көптөгөн ишканалардын эффективдүү иштешине олуттуу тоскоолдук болуп жаткан тиешелүү кадрлардын жетишсиздиги көйгөйүнө өзгөчө көңүл бурулду.
Бул көйгөйдү чечүүдө квалификациялуу адистерди даярдоо болуп саналат. Заманбап эмгек рыногунун талаптарына жооп берген билим берүүнүн жана окутуунун эффективдүү ыкмаларын иштеп чыгуу үчүн мамлекеттик органдар менен ишканалардын тыгыз кызматташуусу зарыл экендигине тараптар макул болушту.
Бул кызматташтык билим берүү программаларын экономиканын учурдагы талаптарына ылайыкташтырууга, ошондой эле бүтүрүүчүлөрдү үчүн иш менен камсыз кылуунун натыйжалуу механизмдерин түзүүгө багытталган. Өз кезегинде бул өлкөнүн экономикалык потенциалын чыңдоого чоң салымын кошоору күтүлүүдө.