Кеңештин катчылыгы менен Экономика жана коммерция министрлигинин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү

18-мартта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгынын жетекчиси У.А.Кыдырбаев менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Д.Д.Амангелдиев менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда ошондой эле министрдин орун басары Усенбекова А.Д., бизнес чөйрө саясаты башкармалыгынын жетекчиси Катаганов М.К., министрдин кеңешчиси К.Ж.Абдрахманов жана Катчылыктын укуктук маселелер боюнча башкы адиси, Самаков Б.Т. катышышты
Жолугушуунун негизги багыты Инвестициялык кеңештин катчылыгы менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө багытталган. Мындай кызматташтыктын максаты өлкөнүн жалпы экономикалык өнүгүүсү үчүн бизнес-чөйрөнү жакшыртуу, бизнес-ассоциацияларды чыңдоо, ошондой эле ишкерлердин укуктарын коргоо механизмдерин өркүндөтүү боюнча биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу болуп саналат.
Инвестициялык кеңештин 2024-жылга иш планы каралды, анын ичинде мамлекеттик органдар менен туруктуу байланыш механизмдерин түзүү аркылуу “жашыл экономика” принциптерин тармактык саясатка интеграциялоо жана чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча сунуштарды талкуулоо жана иштеп чыгуу.
Кыдырбаев У.А. инвестициялык чөйрөдөгү көйгөйлөрдү тез арада чечүү жана бизнес-чөйрөнү жакшыртуу үчүн консультациялык топторду түзүү демилгеси тууралуу маалымат берди. Бул топтор натыйжалуу чечимдерди табууда мамлекеттик органдардын, бизнестин жана эксперттердин аракеттерин бириктирүү инструмент болоору күтулүүдө.
Аймактык инвестициялык кеңештердин ишин кайра жандандыруу жана 2024-жылдын апрель айында Ош облусундагы Регионалдык инвестициялык кеңештин жыйынын пландаштыруу, ошондой эле ушул жылдын сентябрь айында Баткен облусунда Инвестициялык кеңештин көчмө жыйынын уюштуруу дагы талкууланды. Бул иш-чаралар аймактардын мындан аркы экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшүү жана мамлекеттик органдардын, бизнестин жана коомдун өз ара аракеттенүүсүн бекемдөөгө багытталган.