Мамлекеттик пенсиялык топтолмо фондунун башкы директору менен жолугушуу

28-феврал күнү Инвестициялык кеңештин катчылыгынын жетекчиси У.А.Кыдырбаевдин менен Мамлекеттик пенсиялык топтолмо фондунун башкы директору Баяманова З.Э. жоугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө бир канча маселелер каралып анын ичинде төмөнкүлөр баса белгиленди:

  • мамлекеттик баалуу кагаздардын биринчилик жана экинчилик рынокторун өнүктүрүү аркылуу мамлекеттик баалуу кагаздарды кармоочулардын чөйрөсүн кеңейтүү;
  • сактык жана кредиттик продуктыларга жетүүнү кеңейтүү;
  • санариптик төлөм технологияларын жана инструменттерин өнүктүрүүгө, ошондой эле финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүгө мындан ары көмөк көрсөтүү;
  • калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу.

Тараптар бул маселелерди Инвестициялык кеңештин катчылыгынын ишмердүүлүгүнүн алкагында чечүүгө кызыкдар экенин, ошондой эле бул актуалдуу маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдардын, жеке сектордун жана эксперттик коомчулуктун тиешелүү адистерин тартуу зарылдыгын билдиришти. Жолугушуунун жыйынтыгында, ишкерлердин топтолмо пенсиялык системага кызыгуусун арттырууга жана тиешелүү фонддордун ишмердүүлүгү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган туруктуу диалогдук аянтчаны түзүү боюнча мындан аркы биргелешкен аракеттерди иштеп чыгуу боюнча макулдашууга жетишилди.