Print this page

Кыргыз Республикасында Креативдүү индустриялар паркы ишке кирет

Пятница, 08 Декабрь 2023 07:58
Биргелешкен күч-аракеттин жана мамлекеттик-жеке диалогдун жардамы менен Кыргыз Республикасында Креативдүү индустриялар паркы ишке кирет.
6-декабрда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетини Төрагасы Акылбек Жапаров “Креативдүү индустриялар паркы чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө” токтомго кол койду.
Токтомго ылайык, тиешелүү режимди колдонуу үчүн Креативдүү индустриялар паркынын ишинин тизмеги бекитилет.
Бул токтом өлкөдөгү креативдүү бизнести, креативдүү экономиканы өнүктүрүүдө жана креативдүү индустриалдык экосистеманы жакшыртууда маанилүү кадам болуп саналат.
Муну менен парктын Байкоочу кеңеши парктын резидентине арыз берген ар бир талапкердин арызын кылдаттык менен карап чыгат жана ага парктын резиденти статусун берүү же андан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
Бул паркка өз алдынча, объективдүү, калыс чечим кабыл алууга, анын ичинде парктын резидентине талапкердин салыктык жана башка милдеттүү төлөмдөрдөн качуусуна жол бербөө максатында анын ишмердүүлүгүнө деталдуу талдоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет деп ишенебиз.
Аталган Мыйзамга ылайык парктын Байкоочу кеңешине министрлер кабинетинен эки өкүл жана жеке сектордон беш мүчө (ишкердик ишмердиктин креативдүү чөйрөлөрүнүн коомдук бирикмелери) кирет. Бул креативдүү индустрияны өнүктүрүү боюнча маанилүү чечимдерди кабыл алуу жагында министрлер кабинетинин жеке секторго толук ишеним артаарын көрсөтүп турат.
Инвестициялык кеңештин катчылыгы өзүнүн диалог платформасын тиешелүү тараптарга уюштурууга ар дайым ачык жана өлкөдөгү бизнес чөйрөнү жакшыртууга өз күч-аракетин жумшоону уланта берет.