Print this page

Маалымат жана басма сөз күнү

Суббота, 11 Ноябрь 2023 11:57

7-ноябрда Кыргыз Республикасынын массалык маалымат каражаттарынын, радио жана телевидение кызматкерлери Маалымат жана басма сөз күнүн белгилешүүдө.

Инвестициялык кеңештин катчылыгы бардык кесиптештерди кесиптик майрамы менен куттуктайт!

Талыкпаган эмгегиңиздер үчүн рахмат. Себеби, сиздин күчүңүздөр менен жарандарыбыз маалымат алуу жана өлкөбүздүн турмушуна жана өнүгүүсүнө активдүү катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушууда.

Өзгөчө, экономика, ишкердик жана инвестиция сфераларын чагылдырган журналисттерге ыраазычылык билдиребиз. Жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформалар жана мыйзамдарды өркүндөтүү жөнүндө калкты маалымат менен камсыз кылууда сиздердин ишиңиз маанилүү рол ойнойт. Биз сиздер менен кызматташууну терең баалайбыз!

Ишиңиздер ар дайым жемиштүү болуп, иш-аракеттериңиздер коомго пайда алып келип, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошсун!

Сүрөт: Султан Досалиев