Print this page

Жашыл туризм. Министрлик резолюцияны жарыялап, сунуштарды кабыл алууну ачты

Понедельник, 17 Ноябрь 2025 09:22

Ысык-Көлдө өткөн «Туруктуу туризмди өнүктүрүү жана көмүртек изин азайтуу» аттуу тегерек столдон кийин сунуштарды иреттөө жана мындан аркы кадамдарды тактоо иштери уланууда. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тегерек столдун катышуучулары даярдаган резолюциянын долбоорун жарыялап, сунуштарды кабыл алуу мөөнөтүн 21-ноябрга чейин узартты.

Туруктуу туризм темасы Ысык-Көл облусу үчүн өзгөчө актуалдуу. Себеби жыл сайын өсүп жаткан сезондук жүк инфраструктурага, энергетикага жана экосистемаларга олуттуу таасир этүүдө жана өнүгүүнүн жаңы моделдерин қажет кылууда. Ошол эле учурда, бул маселе бир эле регион үчүн эмес, жалпы Кыргыз Республикасынын туруктуу экономикалык саясаты үчүн да маанилүү багытка айланууда.

Тегерек стол мамлекеттик органдарды, туристтик бизнести, эл аралык өнөктөштөрдү, финансылык түзүмдөрдү жана адистерди бириктирди. Негизги талкуу – энергия үнөмдөөчү жана жашыл технологияларды киргизүү, жашыл каржылоону кеңейтүү, кадрдык потенциалды жогорулатуу, билим берүү стандарттарын жаңылоо жана ишканаларды туруктуу иштөө моделдерине өтүүгө кызыктыруучу инструменттерди түзүүгө багытталды.

Министрлер Кабинетине караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчылыгынан мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча эксперт Чолпон Асакеева жана Ысык-Көл облусунун Регионалдык инвестициялык кеңешинин катчылыгынын жетекчиси Чыңгыз Намазалиев катышып, ГЧП механизмдери туруктуу чечимдерди ишке ашырууда өзөктүү роль ойноорун жана ишкерлерди жашыл стандарттарга өтүүдө колдоо зарылдыгын белгилешти.

Резолюциянын долбоору Ысык-Көл облусунун Регионалдык инвестициялык кеңешинин катчылыгына – Экономика жана коммерция министрлигинин координациясында (туризм департаменти), Президенттин Ысык-Көл облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын, КАТО жана Соода-өнөр жай палатасынын активдүү катышуусу менен – расмий түрдө жөнөтүлөт. Документ РИКтин кезектеги жыйынында каралып, бекитилгенден кийин ишке ашырылат.

Ысык-Көл РИКи сунуштарды институционалдаштырууда жана алардын ишке ашырылышын коштоп жүрүүдө борбордук ролду ойнойт. Бул кеңеш жашыл туризм боюнча сунуштар талкуудан практикалык ишке айланган негизги механизмге айланууда.

Резолюциянын долбоору туризмдеги билим берүү стандарттарын жаңылоодон тартып жашыл каржылоону күчөтүүгө жана регионалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө чейинки кеңири маселелерди камтыйт. Документ бекитилер алдында ачык талкуудан өтүүгө тийиш. Учурда туристтик компаниялар, пансионаттар, конок үйлөрү, муниципалитеттер, тармактык ассоциациялар, энергетика жана инженердик уюмдар, окуу жайлар өз позицияларын сунуштап, реалдуу муктаждыктарына жараша түзөтүүлөрдү киргизүүсү маанилүү.

Айрыкча жашыл технологияларды киргизүүдөгү тоскоолдуктар, каржылоого болгон муктаждык, кадрлардын даярдыгы, чакан жана орто бизнес үчүн колдоо чаралары жана регионалдык өзгөчөлүктөрдү эске алуу боюнча пикирлер баалуу.

Сунуштар 21-ноябрга чейин төмөнкү дарекке кабыл алынат:
? Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

Кеңештин катчылыгы жана Ысык-Көл облусунун Регионалдык инвестициялык кеңешинин катчылыгы өнөктөштөр менен биргеликте иштеп, кабыл алынган чаралар жашыл туризмди өнүктүрүүдө Ысык-Көлдө да, жалпы Кыргыз Республикасында да реалдуу натыйжа бере турган инструменттерге айланышын камсыздайт.