Print this page

Аймактар аралык өнөктөштүктү жана инвестициялык кызматташууну чыңдоо: «Манас Экспо – 2025» эл аралык форумунун жыйынтыктары

Четверг, 06 Ноябрь 2025 10:47

Манас, 2025-жылдын 6-ноябры.
Манас шаарында Борбор Азия өлкөлөрү жана башка мамлекеттер ортосундагы экономикалык өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган «Манас Экспо – 2025» эл аралык форуму болуп өттү.

Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана Регионалдык инвестициялык кеңеш уюштуруп, ага Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин катчылыгынын колдоосу, ошондой эле БУУнун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН), Эл аралык миграция уюмунун (МОМ), Бакай Банктын жана башка өнөктөштөрдүн көмөгү көрсөтүлдү.

Форумга мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, ишкердик бирикмелердин жана ишкерлердин өкүлдөрү Кыргыз Республикасынан, Өзбекстандан, Казакстандан, Беларустан, Кытайдан жана башка өлкөлөрдөн катышты.

Катышуучулар экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, ишкердик байланыштарды чыңдоо, аялдар жана жаштар ишкердигин өнүктүрүү, ошондой эле жашыл жана инновациялык чечимдерди ишкердик практикасына киргизүү маселелерин талкуулашты. Көргөзмө аянтчасында аймактын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн чагылдырган долбоорлор жана демилгелер көрсөтүлдү.

Облустун башчысы Тилек Текебаев форумдун катышуучуларына ыраазычылык билдирип, иш-чара Манас шаарынын гана эмес, бүтүндөй Жалал-Абад облусунун өнүгүүсүнө өбөлгө түзгөн маанилүү аянтча экенин белгиледи:
«Биз үчүн негизги максат — ишкердикти колдоо, жаңы өндүрүштөрдү ачуу жана регион аралык байланыштарды чыңдоо. Ушундай иш-чаралар аркылуу аймактар ортосундагы ишеним бекемделип, кызматташтык эл аралык деңгээлге чыгат», — деди Тилек Текебаев.

БУУнун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева форумдун ачылышында мындай деди:
«Туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу үчүн инвестициялар гана эмес, бекем өнөктөштүк да маанилүү. Улуттук жана региондук потенциалды колдоо аркылуу биз чакан жана орто бизнестин өнүгүүсүнө, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана калктын жыргалчылыгын жогорулатууга шарт түзөбүз».

Түштүк аймактар боюнча Регионалдык инвестициялык кеңештердин катчылыктарынын координатору Мыктыбек Осмоналиев өз сөзүндө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн маанисин белгиледи:
«Регионалдык инвестициялык кеңештер реформаларды илгерилетүү жана чакан, орто бизнести колдоо боюнча натыйжалуу аянтчага айланды. Аларды аркылуу бизнес үнүн угузса, бийлик пикир алмашууга мүмкүнчүлүк алат. Мындай диалог — жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү, инфраструктураны жакшыртуу жана инвестиция тартуу сыяктуу реалдуу чараларды иштеп чыгууга өбөлгө болот».

«Манас Экспо – 2025» форуму аймактык инвестициялык диалогду бекемдөөгө жана түштүк аймактардын экономикалык потенциалын жогорулатууга багытталган кезектеги маанилүү кадам болду. Форумдун жыйынтыгы инвесторлордун регионго болгон кызыгуусу жогору экенин жана тараптардын мындан аркы өнөктөштүккө даярдыгын тастыктады.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчылыгы жана Регионалдык инвестициялык кеңештер бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин илгерилетүү жана туруктуу аймактык демилгелерди ишке ашыруу багытында ишин улантат.