Өткөн жумада Ош шаарында финансы-кредиттик уюмдардын, бизнес-ассоциациялардын жана эл аралык өнүктүрүү институттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда Регионалдык инвестициялык кеңештин (РИК) кезектеги жыйыны болуп өттү.
Жыйын Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жыйындар залында өттү. Иш-чарага ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Илияз Ташбаев, Ош РИКинин катчылыгынын командасы, банк секторунун жана ишкерлер коомчулугунун өкүлдөрү катышышты.
Жыйында РИК мамлекеттик органдар менен бизнес ортосундагы ачык диалогду бекемдөөнүн маанилүү аянтчасы болуп саналары, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) алкагындагы долбоорлорду илгерилетүүдө өзгөчө роль ойной турганы белгиленди. Катышуучулар ишкерлер үчүн финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, «жашыл» долбоорлорду өнүктүрүү жана насыя алуудагы документтик талаптарды жөнөкөйлөтүү маселелерин талкуулашты.
Мындан тышкары, банктардын филиалдарынын, банкоматтардын жана POS-терминалдардын санын көбөйтүү, ошондой эле QR-код аркылуу төлөм системасын жайылтуу зарылдыгы белгиленди. Катышуучулар белгилегендей, санариптик төлөмдөрдү өнүктүрүү соода жүгүртүүнүн өсүшүнө жана көмүскө экономиканын азайышына өбөлгө түзөт.
Ошондой эле калк жана ишкерлер арасында финансылык сабаттуулукту жогорулатуу, онлайн насыя, мобилдик банкинг жана QR төлөм сыяктуу заманбап банктык кызматтарды жайылтуу боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү сунушталды.
Регионалдык инвестициялык кеңештер (РИК) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн алдында иш алып барат. РИКтердин катчылыктары Министрлер Кабинетине караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин Катчылыгы, БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү жана Улуттук инвестициялар агенттигинин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун ортосундагы үч тараптуу келишимдин алкагында иш алып барышат.
Кеңештин демилгелерин ишке ашырууда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) колдоо көрсөтүп келет.