Print this page

Мамлекет менен бизнес ортосундагы диалогду чыңдоо — Нарын

Четверг, 06 Ноябрь 2025 07:28

2025-жылдын 30-октябрында Нарын шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө караштуу Регионалдык инвестициялык кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү.

Иш-чарага ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Руслан Сапарбеков, түндүк региону боюнча РИКтин координатору Абду-Салам Тайиров, Нарын РИКинин катчылыгынын командасы, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, бизнес-ассоциациялар жана ишкерлер катышты.

Отурумдун негизги максаты — аймактык деңгээлде мамлекет менен жеке сектор ортосундагы туруктуу кызматташтык механизмин түзүү, ошондой эле инвестициялык демилгелерди жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) мүмкүнчүлүктөрүн илгерилетүү болду.

Талкуулар учурунда Нарын РИКинин инвестициялык долбоорлорду коштоп жүрүү ишмердүүлүгү, Соода-өнөр жай палатасы тарабынан товарлардын келип чыгышы боюнча сертификаттарды берүү иши, «Бир айыл — бир продукт» демилгесинин ишке ашырылышы, ошондой эле эмгек миграциясын укуктук жөнгө салуу жана анын региондун инвестициялык жагымдуулугуна тийгизген таасири тууралуу баяндамалар угулду.

Катышуучулар ишкердик чөйрөнү жакшыртуу, экспортту өнүктүрүү жана жергиликтүү деңгээлдеги экономикалык активдүүлүктү жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Жыйынтыгында, Кеңештин отурумдары облустун бардык райондорунда туруктуу негизде өткөрүлүп турмакчы деген чечим кабыл алынды.

Регионалдык инвестициялык кеңештер (РИК) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн алдында иш алып барат. РИКтердин катчылыктары Министрлер Кабинетине караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин Катчылыгы, БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү жана Улуттук инвестициялар агенттигинин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун ортосундагы үч тараптуу келишимдин алкагында иш алып барышат.
Кеңештин демилгелерин ишке ашырууда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) колдоо көрсөтүп келет.

Атаын репортаж