Print this page

Координация аракеттер — чек ара аймактарын өнүктүрүүдө кызматташуу

Вторник, 04 Ноябрь 2025 11:12

31-октябрь күнү Бишкек шаарында БУУнун Тынчтык орнотуу фонду (ФМС ООН) ишке ашырып жаткан “Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара аймактарында жамааттардын туруктуу өнүгүүсүн жана кызматташтыгын чыңдоо” долбоорунун алкагында Координациялык жолугушуу болуп өттү.

Иш-чара Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (ПРООН), Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы (УНП ООН) жана Эл аралык миграция уюму (МОМ) тарабынан уюштурулуп, мамлекеттик органдардын, эл аралык өнөктөштөрдүн жана жарандык коомдун өкүлдөрүн чогултту.

Жолугушуунун максаты — долбоордун аткарылышынын жүрүшүн талкуулоо жана чек ара аймактарында туруктуу өнүгүүнү жана аймактар аралык кызматташтыкты чыңдоонун мындан аркы кадамдарын аныктоо болду.

Иш-чарага онлайн форматта долбоордун өнөктөштөрү — Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын өкүлдөрү, ошондой эле Регионалдык инвестициялык кеңештердин түштүк аймактар боюнча координатору Мыктыбек Осмоналиев жана Жалал-Абад РИК Катчылыгынын укуктук маселелер боюнча эксперти Айзат Биримкулова катышышты.

Онлайн катышуучулар региондордогу тажрыйбалары менен бөлүшүп, экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана жергиликтүү ишкердикти колдоо боюнча сунуштарын беришти.

Минкабка караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчылыгынын эксперттери Чолпон Асакеева жана Азем Акматбек белгилешкендей, Регионалдык инвестициялык кеңештер (РИК) бийлик, бизнес жана жергиликтүү жамааттар ортосундагы диалогду өнүктүрүүдө маанилүү ролду ойнойт. Алар туруктуу экономикалык өсүш үчүн негиз түзүп, ФМС ООН долбоорунун максаттары менен үндөшүп турат.

Мыктыбек Осмоналиев жергиликтүү ишкерлердин экспорттук мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу жана аймактык өндүрүүчүлөрдүн эл аралык жарманкелерге катышуусун колдоо маанилүү экенин белгиледи.

Мамлекеттик органдардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн биргелешкен аракеттери Кыргыз Республикасынын чек ара аймактарында туруктуу, коопсуз жана экономикалык жактан активдүү жамааттарды өнүктүрүүгө багытталган.