Print this page

Кеңештин катчылыгынын аянтчасында кезектеги жумушчу жолугушуу өттү

Понедельник, 03 Ноябрь 2025 05:57

2025-жылдын 29-октябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңешинин Катчылыгынын аянтчасында мамлекеттик органдардын жана Кеңештин курамына кирген ишкерлик ассоциациялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда кезектеги жумушчу жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун максаты – ишкер чөйрөдөн түшкөн сунуштарды талкуулоо жана мамлекет менен бизнес ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттары боюнча ыкмаларды макулдашуу болду. Иштин жүрүшүндө салыктык башкарууну өркүндөтүү, кызматтарды көрсөтүү жана реэкспорттоодо КНСти колдонуу тартибин тактоо, байланыш тармагындагы жөнгө салуу маселелери, өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги механизмин киргизүү, ошондой эле туризмди жана экономиканын башка тармактарын өнүктүрүүгө байланыштуу бир катар маселелер каралды.

Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү тиешелүү министрликтер менен кызматтардын позицияларын сунуштап, андан соң бизнес-ассоциациялар жана адистер менен ачык пикир алмашуу болду. Ишкерлер менен инвесторлор үчүн туруктуу жана алдын ала божомолдоого мүмкүн болгон ченемдик чөйрөнү камсыз кылуу максатында тең салмактуу чечимдерди издөө зарылдыгы белгиленди.

Жыйынтыктын негизинде катышуучулар Катчылыктын аянтчасы туруктуу иш алып баруучу жана бизнес менен мамлекеттик органдардын ортосунда үзгүлтүксүз коммуникацияны камсыз кылган натыйжалуу диалогдук платформа катары маанилүү роль ойной турганын белгилешти.

Мындай форматтагы жумушчу жолугушуулар маселелерди өз убагында аныктоого, мамлекеттик органдар менен бизнес коомчулуктун аракеттерин бириктирүүгө жана ишкердик ишмердүүлүктү жүргүзүү шарттарын жакшыртууга, ошондой эле өз ара ишенимди бекемдөөгө багытталган практикалык сунуштарды иштеп чыгууга өбөлгө түзөт.