2025-жылдын 30-октябрында Бишкек шаарында Президенттин алдындагы Улуттук инвестициялар агенттигинин демилгеси менен, Башкы прокуратуранын, негизги бизнес-ассоциациялардын — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин мүчөлөрүнүн жана Кеңештин Катчылыгынын катышуусунда Улуттук инвестициялык диалог болуп өттү.
Иш-чара мамлекеттик органдар менен бизнес-коомчулуктун ортосундагы ишенимди бекемдөөгө, инвестициялык саясаттын артыкчылыктуу багыттарын жана инвесторлорду коргоо механизмдерин талкуулоого арналган ачык диалогдук аянтча болду.
Талкуулардын жүрүшүндө ишкерлер инвестициялык жана регулятордук чөйрөнү мындан ары өркүндөтүү боюнча өз сунуштары жана байкоолору менен бөлүшүштү.
Негизги маселелердин бири — инвесторлор үчүн тұруктуулук жана алдын ала түшүнүктүү эрежелерди камсыз кылуу болду. Ишкерлерге мамлекеттин узак мөөнөттүү ыкмаларын билүү жана саясаттын туруктуулугуна ишенүү маанилүү экени белгиленди. Бул контекстте катышуучулар 2030-жылга чейинки инвестициялык жана регулятордук саясаттын улуттук стратегиясын иштеп чыгууну колдошту.
Ошондой эле менчик укуктарын жана өндүрүштүк аянттарга жетүүнү коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Катышуучулар белгилегендей, туруктуу укуктук негиз жана укукту колдонуудагы алдын ала божомолдолгон ыкмалар узак мөөнөттүү инвестицияларды тартуунун негизи болуп саналат.
Бизнес менен көзөмөл органдарынын өз ара аракеттенүүсүн чыңдоо, ишкерлердин кайрылууларына ыкчам жооп берүү жана талаш маселелерди алдын алуу зарылдыгы дагы баса белгиленди.
Тармактык ассоциациялар өндүрүштүк жана экспортко багытталган тармактарды өлкөнүн экономикалык туруктуулугунун негизги факторлору катары белгилешти.
Бизнес-ассоциациялар инвестициялык жана регулятордук саясат боюнча туруктуу жумушчу топ түзүү демилгесин көтөрүштү. Анын курамына мамлекеттик органдар, Башкы прокуратура, Улуттук инвестициялар агенттиги жана Кеңештин Катчылыгы кирери күтүлүүдө. Бул аянтча өз ара пикир алмашууга жана инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча биргелешкен сунуштарды иштеп чыгууга өбөлгө түзөт.
Иш-чаранын негизги жыйынтыгы болуп Президенттин алдындагы Улуттук инвестициялар агенттиги, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана бизнес-ассоциациялар ортосундагы үч тараптуу кызматташтык тууралуу Меморандумга кол коюу эсептелет.
Бизнес-коомчулуктун пикиринде, Улуттук инвестициялык диалог мамлекеттик органдар менен бизнес ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого багытталган конструктивдүү диалог форматын көрсөттү. Тараптар Кыргыз Республикасынын экономикасынын инвестициялык жагымдуулугун арттыруу жана ишенимди бекемдөө багытында биргеликте иштөөгө даяр экенин тастыкташты.