Print this page

Инновацияларды илгерилетүү: технологиялык прогрессти өнүктүрүүдөгү МЖӨнүн ролу

Пятница, 24 Октябрь 2025 09:44

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча IV Эл аралык форумдун жыйынтыктоочу сессиясы «Инновацияларды илгерилетүү: технологиялык прогрессти өнүктүрүүдөгү МЖӨнүн ролу» темасына арналды.

Модератор — Санжар Исраил уулу, Президенттин алдындагы Улуттук инвестициялар агенттигинин алдындагы МЖӨ борборунун өкүлү.

Дискуссиянын катышуучулары:
? Джакс Ли, Nanalumi компаниясынын башкы директору;
? Мирлан Балыкчиев, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин инфраструктураны өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
? Бакас Бахтияр уулу, экономика илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын (ЖТП) дирекциясынын консультант-аналитиги;
? Нгуен Фыонг Куи, «Инвестиции в развитие окружающей среды» компаниясынын башкы директору.

Нгуен Фыонг Куи Бишкек шаарынын тазалоочу курулмаларын реконструкциялоо жана модернизациялоо боюнча МЖӨ долбоорун сунуштады. Жалпы наркы 50 миллион АКШ долларынан ашкан, 16 жылдык мөөнөткө эсептелген бул долбоор шаардагы экологиялык стандарттарды жогорулатууга багытталган. Ал ультрафиолеттик дезинфекцияны киргизүүнү, тазалоо процесстерин автоматташтырууну, лабораторияны заманбап жабдуулар менен камсыздоону жана жытты нейтралдаштыруу системасын орнотууну камтыйт.

Бакас Бахтияр уулу Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди. Ал IT-компанияларды, стартаптарды жана санариптик трансформация жаатындагы адистерди бириктирген өзгөчө экосистеманын ролун белгиледи.
Бүгүнкү күндө ЖТПнын резиденттери эл аралык деңгээлге чыгууда. Алардын арасында дүйнө жүзү боюнча миллиондогон жазылуучулары бар популярдуу YouTube-долбоор D Billions, ошондой эле кыргыз тилин түшүнгөн жана элдин санариптик сабаттуулугун өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн биринчи кыргызча үн жардамчысы AkylAI бар.

Катышуучулар белгилешкендей, санариптештирүү, инновациялар жана технологиялык ишкердик мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн заманбап модели менен тыгыз байланышкан. IT жана «жашыл» технологиялар жаатындагы өнөктөштүктөрдүн өнүгүшү туруктуу экономикалык өсүшкө, инвестиция тартууга жана Кыргызстандын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат.