Print this page

Мамлекеттик-жеке диалогду бекемдөө: Регионалдык инвестициялык кеңештердин ишиндеги МЖӨнүн ролу

Пятница, 24 Октябрь 2025 05:32

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча IV Эл аралык форумдун экинчи күнүндө маанилүү панелдик сессиялардын бири — «Мамлекеттик-жеке диалогду бекемдөө: Регионалдык инвестициялык кеңештердин ишиндеги МЖӨнүн ролу» өттү.
Сессияны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин Катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев алып барды.

Иш-чаранын максаты — аймактарда МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруунун практикалык инструменттерин талкуулоо, бизнес менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана Регионалдык инвестициялык кеңештерди (РИК) инвестициялык демилгелерди илгерилетүүчү негизги аянтча катары институционалдык жактан чыңдоо болду.

Мыктыбек Осмоналиев, түштүк региондор боюнча РИКтин координатору, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы Катчылыктардын ишинин жыйынтыктарын сунуштап, РИКтер иш жүзүндө мамлекеттик органдарды, ишкерлерди жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдү бириктирген туруктуу диалог механизмине айланганын белгиледи.

Учурда өлкөнүн алты облусунда Регионалдык инвестициялык кеңештердин Катчылыктары түзүлүп, активдүү иш алып барууда. Алардын иши Кеңештин Катчылыгы, БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) жана Президенттин алдындагы Улуттук инвестициялар агенттигинин алдындагы МЖӨ борборунун ортосундагы үч тараптуу келишимдин алкагында уюштурулган.

Катчылыктардын негизги багыттары — инвесторлорду коштоо, аймактардын инвестициялык потенциалын талдоо, долбоордук сунуштарды түзүү жана МЖӨ долбоорлорун даярдоо.
Акыркы бир жылдын ичинде РИКтердин аянтчаларында туризм, турак жай-коммуналдык чарба, инфраструктура жана агроөнөр жай комплекси сыяктуу тармактарда ондогон келечектүү демилгелер аныкталды.

Мындан тышкары, ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, административдик жол-жоболордун ачыктыгын жогорулатуу жана инвестициялык башкаруу тармагындагы адистердин компетенцияларын бекемдөө боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Мунун негизинде инвестицияларды коштоо боюнча бирдиктүү экосистема калыптанып, ишкерлер, мамлекеттик органдар жана эл аралык өнөктөштөр ортосундагы үзгүлтүксүз байланыш камсыз болууда.

Панелдик талкуунун жыйынтыгында катышуучулар белгилешкендей - эффективдүү мамлекеттик-жеке диалог — бул жергиликтүү экономикалык маселелерди чечүүнүн гана эмес, аймактардын туруктуу өнүгүүсүнүн негизги фактору болуп саналат.
РИКтердин тармагын мындан ары өнүктүрүү жана МЖӨ механизмдерин аймактык программаларга интеграциялоо инвестицияларды тартуу жана бизнес активдүүлүгүн стимулдаштыруу үчүн реалдуу шарттарды түзөт.