Print this page

Катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев Улуттук туризмди өнүктүрүү кеңешинин жыйынына катышты

Четверг, 23 Октябрь 2025 09:39

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңешинин катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев төрагалык кылган Улуттук туризмди өнүктүрүү кеңешинин жыйынына катышты.

Жыйында быйылкы жылдын тогуз айындагы туризм тармагынын жыйынтыктары талкууланып, инфраструктураны жакшыртуу, кадрдык потенциалды жогорулатуу жана укуктук базаны өркүндөтүү маселелери каралды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы белгилегендей, туризм өлкө экономикасына олуттуу салым кошууда — 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча туризмдин кошумча наркы 30,18 млрд сомду, ИДПдагы үлүшү 4,3%ды түздү, туристтик кызматтардын экспорту 529,5 млн долларды, ал эми салыктык түшүүлөр 8,486 млрд сомго жетти.

Ошондой эле жыл бою иштей турган туристтик багыттарды өнүктүрүү, жеке инвестицияларды колдоо, үй-бүлөлүк бизнеске көмөк көрсөтүү, кышкы курортторду өнүктүрүү жана экологиялык маданиятты калыптандыруу маселелери талкууланды.

Өз кезегинде, Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңешинин Катчылыгы туризм тармагын өлкө экономикасынын артыкчылыктуу багыты катары өнүктүрүүгө активдүү салым кошууда. Акыркы айларда Катчылыктын аянтчасында мыйзам базасын өркүндөтүү, жөнгө салуу механизмдерин жакшыртуу жана туруктуу демилгелерди илгерилетүү боюнча жолугушуулар жана эксперттик талкуулар өткөрүлүүдө.