Print this page

Жасалма интеллект жана санариптик саясат багытындагы демилгелерди өнүктүрүү

Среда, 22 Октябрь 2025 05:38

21-октябрда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Бизнес жана инвестицияны өнүктүрүү кеңешинин Катчылыгынын аянтчасында Impact Analysis Group башчысы Димитрий Эулер жана санариптик технологиялар менен жасалма интеллект тармагындагы изилдөө жана аналитикалык долбоорлорго активдүү катышып келген Бакыт Омурзаков менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууга Катчылыктын жетекчиси Улук Кыдырбаев жана катчылыктын өкүлдөрү катышышты. Талкуунун негизги темасы жасалма интеллект технологияларынын өнүгүүсү, алардын улуттук экономикага тийгизген таасири жана ИИни мамлекеттик саясаттын артыкчылыктарына ылайыкташтыруу мүмкүнчүлүктөрү болду.

Өзгөчө көңүл мамлекеттик органдар, жеке сектор жана академиялык чөйрө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, анын ичинде этика, маалыматтарды коргоо жана ЖИни жоопкерчиликтүү пайдалануу маселелери боюнча диалогдук аянтча түзүүгө бурулду.

Катышуучулар жаш адистерди жана жогорку окуу жайларын, айрыкча «Ала-Тоо» университетин, санариптик технологиялар багытындагы компетенциялар менен изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө активдүү тартуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Ошондой эле ЖИнин социалдык-экономикалык өнүгүүгө тийгизген таасирин талдоо боюнча темалык иш-чараларды жана практикалык изилдөөлөрдү өткөрүү демилгеси талкууланды.

Кеңештин Катчылыгы инновациялык чечимдерди өнүктүрүүгө, адамдык капиталды бекемдөөгө жана Кыргыз Республикасында заманбап санариптик экосистеманы калыптандыруу үчүн шарт түзүүгө багытталган демилгелерди колдойт.