Print this page

Инвестициялык кеңештин Катчылыгынын аянтчасында туристтик жыйым маселеси боюнча жолугушуу өттү

Понедельник, 20 Октябрь 2025 06:25

16-октябрда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин Катчылыгынын аянтчасында туристтик (экосистемалык) жыйымдын механизмин иштеп чыгуу маселесине арналган жумушчу жолугушуу болуп өттү.

Иш-чараны БУУӨПтүн BIOFIN программасы эксперттик топ менен биргеликте Катчылыктын колдоосу менен уюштурду.

Жолугушууга Туризм департаментинин, Америкалык соода палатасынын (AmCham), Кыргызстан туристтик операторлор ассоциациясынын (КАТО), “Органик Холдинг” ассоциациясынын, Туризм жана ишкерлерди колдоо ассоциациясынын, Ak-Sai Travel компаниясынын, Чүй облусунун Дестинациясынын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер жана өнүгүү боюнча өнөктөштөр катышты.

Жолугушууда туристтик жыйымдын механизмин иштеп чыгуунун максаттары жана негизги багыттары сунушталып, ошондой эле ар кайсы өлкөлөрдүн тажрыйбалары мисал катары келтирилди. Өзгөчө көңүл жыйымдын ачык-айкын башкарылышына, чогулган каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга жана экотуризмди өнүктүрүүгө бурулду.

Бул демилге Кыргыз Республикасына туристтердин агымын көбөйтүп, ошол эле учурда биоартүрдүүлүктү сактоого жана туристтик инфраструктуранын сапатын жогорулатууга кошумча булактарды түзүү максатын көздөйт.

Катышуучулар белгилегендей, талкуу азырынча баштапкы этабында турат жана алдыда ишкерлердин жана кызыкдар тараптардын сунуштарын эске алуу менен ар тараптуу иштер жүргүзүлөт.

Бул жумушчу жолугушуу жеке сектор менен кеңири консультацияларды өткөрүүнүн алгачкы кадамы болуп саналат. Анын негизги максаты – туризм тармагынын туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзгөн тең салмактуу чечимди иштеп чыгуу.