Print this page

Таласта Регионалдык инвестициялык кеңештин катчылыгы ишин баштады

Среда, 04 Июнь 2025 11:04

Талас облусунда Регионалдык инвестициялык кеңештин (РИК) катчылыгы өз ишин баштады. Бул — мамлекет менен ишкердиктин өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү максатында түзүлүп жаткан аймактык борборлордун кеңири тармагын өнүктүрүүдөгү дагы бир маанилүү кадам.

Катчылыктын командасын Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев тааныштырды. Талас облусундагы катчылыктын жетекчиси болуп Бактияр Камалдинов дайындалды.

Катчылыктын курамына төмөнкү адистер кирди:
– Бакай Жээнбеков — укуктук маселелер боюнча эксперт,
– Санжар Момбеков — экономикалык маселелер боюнча жана МЖӨ боюнча эксперт.

Башка аймактардагыдай эле, Таластагы катчылык жергиликтүү ишкерлер менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барат. Ишкерлер кеңеш алып, инвестициялык жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорлорун коштоого, өнөктөштөрдү табууга жана демилгелерди мамлекеттик деңгээлге көтөрүүгө жардам алышат.

Таластын өзгөчөлүгү — чакан, бирок активдүү ишкердик чөйрө, айыл чарба мүмкүнчүлүктөрү, чек ара кызматташтыгы, ошондой эле ички туризмди, агроөндүрүштү жана чакан ишканаларды өнүктүрүүгө өбөлгө боло турган тарыхый-маданий ресурстар.

Таластагы РИКтин катчылыгынын ачылышы — бул бизнес менен мамлекеттик органдардын ортосунда туруктуу диалог жүргүзүүнүн жаңы форматын баштоо. Бул жерде ишкер көйгөйүн айтып эле тим болбостон, аны чечүүнүн жолдорун эксперттер менен бирге талкуулай алат.

Иш чара Инвестициялык кеңештин катчылыгы, БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) жана Улуттук инвестиция агенттигине караштуу МЖӨ борбору тарабынан түзүлгөн үч тараптуу келишимдин алкагында ишке ашырылууда.