Print this page

«Бизнести агартуу караванынын» медиа-жыйынтыгы

Среда, 07 Май 2025 12:42

2025-жылдын март–апрель айларында өткөрүлгөн республикалык маалымат-консультациялык кампания — «Бизнести агартуу караваны» — өлкөнүн бардык аймактарын камтып, жүздөгөн ишкерлерди, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн жана эксперттерди бириктирди. Аймактардагы ачык диалогдон тышкары, маанилүү бөлүгү маалыматтык кампания болуп, ондогон макалалар, репортаждар жана посттор аркылуу демилгенин мааниси кеңири коомчулукка жеткирилди.

 

Бул медиа-обзордун максаты — кампаниянын медиа жана санарип каналдар аркылуу кандай чагылдырылганын көрсөтүү. Төмөндө негизги коммуникациялык каналдар боюнча кыскача маалымат берилет.

 

Негизги коммуникация каналдары

Кампаниянын алкагында бардык негизги каналдар колдонулган: социалдык тармактар, онлайн-басылмалар, телекөрсөтүү, радио жана түздөн-түз ЖМК менен байланышуу — брифинг форматында. Мындай комплекстүү ыкма кеңири аудиторияны камтууга жана негизги билдирүүлөрдү ишкерлерге, эксперттерге жана жалпы коомчулукка жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берди.

 

Социалдык тармактар

Социалдык тармактар кампанияны жайылтууда күчтүү инструментке айланды. Башкы уюштуруучулар — Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин Секретариаты жана JIA бизнес-ассоциациясы — тарабынан 40тан ашуун пост, 15тен ашык рилс жана 100дөн ашык сторис жарыяланган. Ар бир пост орточо 30дан ашык лайк топтогон.

 

Мындан тышкары, өнөктөштөр жана кош уюштуруучулар дагы активдүү катышып, жалпы посттордун саны 50дөн ашты. Айрыкча, баракчаларга жазылбаган колдонуучулардын орточо катышуусу 30% түзүп, бул темага болгон жогорку кызыгууну көрсөттү.

 

Онлайн-басылмалар

Өлкөдөгү алдыңкы онлайн ЖМКлар Каравандын жүрүшүн жана жыйынтыктарын кеңири чагылдырышты. Akchabar, Tazabek, Economist, КАБАР, Кактус Медиа, УТРК, Ала-Тоо 24, Биринчи Радио, 24.kg жана башка басылмаларда 20дан ашуун макала жарыяланган. Макалалардын тематикасы бизнес-климат, салык саясаты, санариптештирүү жана мамлекеттик колдоо маселелерин камтыды. Бул кампаниянын маанилүү билдирүүлөрүн маалымат мейкиндигине бекем жайгаштырууга шарт түздү.

 

Телевидение

Кампания телекөрсөтүүдө да кеңири чагылдырылды: НТС телеканалында таңкы шоуга катышуу уюштурулду, жана Каравандын жүрүшүнөн 10дон ашуун репортаж даярдалды. Бул репортаждар улуттук жана регионалдык телеканалдар аркылуу көрсөтүлүп, өлкө боюнча кеңири аудиторияны камтыды.

 

Сайттардагы макалалар

Уюштуруучулардын жана өнөктөштөрдүн расмий сайттары да активдүү платформага айланып, аларда Караван жөнүндө 50дөн ашуун материал жарыяланды.

 

ЖМК үчүн брифинг

Кампаниянын жыйынтык иш-чарасы — негизги ЖМКлардын катышуусунда өткөн медиа-брифинг болду. Алардын катарында Спутник, УТРК, Биринчи Радио, Кабар, Акчабар, Тазабек, Экономист жана башкалар болду. Ошондой эле, Ала-Тоо 24 телеканалына кеңири интервью берилип, кампаниянын жыйынтыктары талкууланды.

 

Жалпы камтуу — 1 миллиондон ашуун адам

Социалдык тармактардагы жарыялар, видеоматериалдардын көрүүлөрү, макалалардын жана брифингдердин камтуусу эсепке алынганда, жалпы аудитория 1 миллиондон ашты. «Бизнести агартуу караваны» аймактарда маанилүү диалогдук платформа болуу менен катар, улуттук деңгээлдеги маалыматтык окуяга айланды.