30-майында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин Катчылыгынын кеңсесинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда Консультативдик жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга Инвестициялык кеңештин мүчөлөрү – Кыргызстандын банктар союзунун жана Кыргыз Республикасындагы Америкалык соода палатасынын өкүлдөрү дагы катышышты.
Жолугууша 2024-жылга Инвестициялык кеңештин иш планынын пункттарын ишке ашыруу боюнча кабыл алынган маселелер жана чаралар талкууланды, алардын бири АКШ жана Европа банктарында түз корреспонденттик эсептерди ачууга көмөктөшүү жана жардам көрсөтүү, ошондой эле кардарлардын блоктолгон эсептер сыяктуу көйгөйлөрдү чечүү боюнча талкуулар жүргузүлдү.
Жолугушуунун катышуучулары чет өлкөлүк банктар менен каржылык байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилештип, жергиликтүү бизнес үчүн шарттарды жана эле эл аралык аренада Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатаарын белгилешти. Талкуунун жүрүшүндө мындан аркы иштердин конкреттуу кадамдары белгиленди.