Print this page

Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү ыкмаларын колдонуунун тартиби долбоорун иштеп чыгуу боюнча консультативдик топтун отуруму

Пятница, 24 Май 2024 12:26

Бүгүн, 24-майда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгында «Муниципалдык мүлктү менчиктештирүүнүн ыкмаларын колдонуу тартиби» долбоорун иштеп чыгуу боюнча консультативдик топтун отуруму болуп өттү. Жыйын менчиктештирүү процесстерин жакшыртуу жана пайда болгон көйгөйлөрдү четтетүү боюнча сунуштарды талкуулоо максатында уюштурулган.

Катышуучулар муниципалдык менчикти башкаруунун учурдагы ыкмаларын активдүү талкуулап, талдап, аларды жакшыртуунун жолдорун сунушташты.

Талкуунун негизги темалары:

  • Ишкерлер тарабынан муниципалдык мүлктү башкаруу жана ижарага берүү боюнча учурдагы кырдаалга баа берүү.
  • Менчиктештирүү ыкмалары, мисалы, аукциондо сатуу, кийин сатып алуу менен ижарага берүү жана чарбалык компаниялардын уставдык капиталына салым кошуу.
  • Жеке секторду колдоо жана муниципалдык-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү боюнча сунуштар.
  • Бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү тарабынан муниципалдык мүлктү пайдаланууда орун алган тоскоолдуктарды жоюу.
  • Инновацияларды жана жашыл долбоорлорду өнүктүрүү үчүн бизнести колдоо, ошондой эле негизги капиталга инвестициялоо үчүн шарттарды түзүү.

Катышуучулар диалогду улантуу жана Кыргыз Республикасында муниципалдык-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүгө көмөктөшүү үчүн колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу зарыл деген тыянакка келишти.

Инвестициялык кеңештин катчылыгы өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө салым кошо турган жемиштүү талкуулары үчүн бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирет.

Иш-чарага министрликтердин жана ведомстволордун, бизнес-ассоциациялардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты:

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги, МЖӨ борбору, ЖӨБ Союзу, GIZ “Жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү”, Байланыш операторлорунун ассоциациясы, “ЖИА” ассоциациясы.