2024-жылдын 22-майында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин Катчылыгынын аянтчасында Өнүктүрүү фонддорунун жана мамлекеттик банктардын ишин жакшыртуу жана пайда болгон көйгөйлүү маселелерди талкуулоо боюнча Консультативдик топтун биринчи отуруму болуп өттү.
Консультативдик топ Инвестициялык кеңештин 2024-жылдын 6-майындагы чечимин аткаруу максатында, бизнес-ассоциациялардын, өнүктүрүү фонддорунун, мамлекеттик банктардын жана мамлекеттик органдардын катышуусу менен туруктуу диалог аянтчасын түзүү максатында түзүлгөн.
Жыйындын жүрүшүндө Консультативдик топтун курамы жана иш планы боюнча маселелер каралды. Финансыга жеткиликтүүлүк үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган бизнес-коомчулук менен финансылык институттарынын өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүү боюнча сунуштар талкууланды.
Консультативдик топтун курамына Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестиция агенттигинин, МЖӨ борборунун, Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын, «Айыл Банк» ААК, «РСК Банк» ААК, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондунун, Эл аралык бизнес кеңешинин, Агро-өнөр жайды өнүктүрүү ассоциациясы, JIA Ассоциациясы жана Кыргызстандын Банктар союзунун өкүлдөрү кирди.