Дареги: Бишкек шаары, Игембердиев к., 1а, Аврора бизнес борбору, 4-кабат, 410-кеңсе, тел.: 0312 963600, 0999 963600 office@investment.kg

Күн тартиби 2018-жылдын 24-майы


“Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү жана алдыга жылдыруу” Tourist.Kg IX Туристтик форумдун алкагында өткөрүлгөн

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин отурумунун

 Күн тартиби

Отурумдун күнү жана сааты:
2018-жылдын 24-майы
14:00-16:00
Отурум өтө турган орду:
Бишкек ш.,
«Парк Отель» мейманканасынын конференц-залы

 
Модераторлор: Т. Койчуманов, Д. Осмонкулов

1. Авиаташуулар рыногун либералдаштыруу жолу менен жарандык авиацияны өнүктүрүү маселелери жөнүндө
1.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин 2017-жылдын 22-ноябрындагы №4 отурумунун “Авиаташуулар рыногун либералдаштыруу жолу менен жарандык авиацияны өнүктүрүү жөнүндө” чечимдеринин аткарылышы тууралуу
Баяндоочу: Кеңештин катчысы Т. Койчуманов
Комментарийлер: мамлекеттик органдардын жана бизнес-коомдоштуктун өкүлдөрү

1.2. Жарандык авиацияны либералдаштыруу боюнча иш планды ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматы
Баяндоочу: КР Транспорт жана жолдор министри, «Эйр Манас» авиакомпаниясынын башкы директору Т.Нурбаев
Комментарийлер: КР авиакомпанияларынын жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү

1.3. “Аба боштугунун” 5-баскычын киргизүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, тобокелдиктери жана келечеги (изилдөөнүн жыйынтыгы).
Баяндоочу: КР Парламентин колдоо боюнча долбоордун менеджери К.Имашев
Комментарийлер: КР авиакомпанияларынын жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү

2. Туристтик тармакты өнүктүрүү маселелери жөнүндө
2.1. Tourist.Kg VIII Туристтик форумдун чечимдерин ишке ашыруу жөнүндө
Баяндоочу: «Турист.Kg» клубунун президенти, КР Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин секретариатынын кеңешчиси Д. Осмонкулов.
Комментарийлер: мамлекеттик органдардын жана бизнес-коомдоштуктун өкүлдөрү

2.2. 2018-жылдын жайкы туристтик сезонуна даярдык көрүү
Баяндоочулар: КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору А. Жаманкулов, Ысык-Көл областындагы КР Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү Жылкыбаев У.К.
Комментарийлер: туристтик коомдоштуктун өкүлдөрү (тизме боюнча)

2.3. «ЭКСПО – 2020» Дубайдагы Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөгө туризмди алдыга жылдыруунун мүмкүнчүлүктөрү
Баяндоочу: КР Соода-Өнөр жай палатасынын вице-президенти Н. Мүсүралиев
Комментарийлер: туристтик коомдоштуктун өкүлдөрү (тизме боюнча)