Дареги: Бишкек шаары, Игембердиев к., 1а, Аврора бизнес борбору, 4-кабат, 410-кеңсе, тел.: 0312 963600, 0999 963600 office@investment.kg

Күн тартиби 2013-жылдын 19-марты

 

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин отурумунун
Күн тартиби

 

Отурумдун өткөрүү датасы жана убактысы:
2013-жылдын 19-марты
10:00-11:45
Отурумдун өткөрүү орду:
КР Өкмөт Үйүнүн
Чарчы залы

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин 2012-жылдын 21-декабрындагы онунчу отурумунун чечимдеринин аткарылышы жөнүндө
Баяндоочу: Кеңештин катчысы Т. Койчуманов.

2. Өнүгүүнүн стратегиялык документтериндеги жеке сектордун маселелери жөнүндө
Баяндоочу: КР Экономика министри Т. Сариев;
Комментарийлер: Кыргызстандагы Ишкерлер союзунун аткаруучу директору З. Шайыков, Кеңештин Секретариатынын экономика боюнча эксперти, Салык консультанттар палатасынын башкармасынын мүчөсү Р. Хасанов.

3. Пайдага салык боюнча учурдагы төлөмдөрдү төлөө боюнча чечилбеген меселелер жөнүндө
Баяндоочулар: Эл аралык ишкерлер кеңешинин Салыктар, бажы жана социалдык фонду боюнча комитетинин мүчөсү Е. Морозова, Жеткирип берүүчүлөрдүн (өндүрүүчүлөрдүн жана дистрибьюторлордун) ассоциациясынын президенти Г. Үскөнбаева.
Комментарийлер: КР Экономика министринин орун басары А. Касымалиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Р. Айдаралиева.

4. Ар кандай маселелер.
- Тоо-кен казуу тармагында бизнес-коомдоштуктун көйгөйлүү маселелери жөнүндө
Баяндоочу: Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору А. Тунгатаров.
Комментарийлер: КР Экономика министри Т. Сариев, КР Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору И. Чунуев.

- Туризмди өнүктүрүү маселелери боюнча бизнес-коомдоштуктун сунуштары жөнүндө
Баяндоочу: Кыргыз Республикасынын Ишкерлер союзунун туризм боюнча комитетинин төрагасы М. Халитов.
Коментарий: КР Маданият жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Д. Казаков.

- 2013-жылдын 1-январына чейин Кыргыз Республикасына киргизилген дары-дармектердин калдыктарына КНС салуу жөнүндө
Баяндоочу: Кыргызстандагы Ишкерлер союзунун аткаруучу директору З. Шайыков.
Комментарийлер: КР Экономика министри Т. Сариев, КР Саламаттыкты сактоо министри Д. Сагинбаева, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы И. Масалиев.

- Салык салуу маселелер боюнча саясатты иштеп чыгуу иш-милдеттерин КР Экономика министрлигинен КР Финансы министрлигине өткөрүп берүү боюнча, ошондой эле мамлекеттик камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдү чогултуу иш-милдеттерин Социалдык фонддон салык кызматына өткөрүп берүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишинин аяктагандыгы жөнүндө КР Өкмөтүнүн чечими боюнча бизнес-коомдоштуктун кайрылуусу тууралуу
Баяндоочу: Салык консультанттар палатасынын төрайымы Т. Ким.