Дареги: Бишкек шаары, Игембердиев к., 1а, Аврора бизнес борбору, 4-кабат, 410-кеңсе, тел.: 0312 963600, 0999 963600 office@investment.kg

Күн тартиби 2012-жылдын 14-июну

 

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин отурумунун
Күн тартиби

 

Отурумдун өткөрүү датасы жана убактысы:
2012-жылдын 14-июну
10:00-11:40
Отурумдун өткөрүү орду:
КР Өкмөт Үйүнүн
Чарчы залы

1. 2012-жылдын 16-февралындагы Кеңештин жетинчи отурумунун чечимдеринин аткарылышы жөнүндө
Баяндоочу: Кеңештин катчысы Т. Койчуманов.

2. Эл аралык прогрессивдүү практикага ылайык салыкты төлөбөөнүн тобокелдиктерин баалоо механизмдерин киргизүү жана салыктык отчеттуулукту өркүндөтүү жөнүндө
Баяндоочу: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы К. Абдалиев, комментарий: Салык консультанттар палатасынын төрайымы Т. Ким.

3. Бажылык администрациялоону өркүндөтүү жөнүндө
- өз өндүрүштүк максаттары үчүн өлкөгө импорттолуучу КНСти төлөөдөн бошотулган негизги каражаттардын тизмеги жөнүндө
- Тышкы соода чөйрөсүндө “Бирдиктүү терезе” принцибин киргизүү жана чийки заттар менен материалдарга даяр продукцияны киргизүүгө салыктык тарифтер жөнүндө
Баяндоочулар: Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору А. Тунгатаров, Кыргыз Республикасынын Ишкерлер союзунун аткаруучу директору З.Шайыков, комментарийлер: КР Экономика жана монополияга каршы саясат министри Т.Сариев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы К. Кулматов.

4. Кыргыз Республикасында курулуш тармагын өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун даярдоонун жүрүшү жөнүндө
Баяндоочу: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүгүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору К. Нарбаев. Комментарий: Кыргызстандын Куруучулар ассоциациясынын президенти А. Молдобаев.

5. Ар кандай маселелер:

- Салык мыйзамдарынын телекоммуникациялык чөйрөгө таасири жөнүндө
Баяндоочу: Байланыш операторлору ассоциациясынын аткаруучу директору А.Баканов, комментарийлер: КР Экономика жана монополияга каршы саясат министри Т.Сариев, КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги А. Кадыркулов.

- Тоо кен казуу тармагын өнүктүрүү маселелери боюнча
Баяндоочу: Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору А. Тунгатаров, Кыргыз тоо ассоциациясынын Башкармалыгынын мүчөсү В.Богдецкий; Комментарийлер: КР Экономика жана монополияга каршы саясат министри Т.Сариев, КР Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору У. Ташбаев.

- Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун маселелери, Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат, “Ачык асман” долбоору жана “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу” 2011-жылдын 29-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 194 токтомун ишке ашыруу маселелери боюнча бизнес-коомдоштуктун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайрылуусу.
Баяндоочу: Кыргызстандагы Рыноктор, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүнүн ассоциациясынын президенти С. Пономарев, Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору А. Тунгатаров.