Дареги: Бишкек шаары, Игембердиев к., 1а, Аврора бизнес борбору, 4-кабат, 410-кеңсе, тел.: 0312 963600, 0999 963600 office@investment.kg

Күн тартиби 2012-жылдын 16-февралы

 

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин отурумунун
Күн тартиби

 

Отурумдун өткөрүү датасы жана убактысы:
2012-жылдын 16-февралы
15:00-17:00
Отурумдун өткөрүү орду:
КР Өкмөт Үйүнүн
Чарчы залы

1. 2011-жылдын 29-декабрындагы Кеңештин алтынчы отурумунун чечимдеринин аткарылышы жөнүндө
Баяндоочу: Кеңештин катчысы Т. Койчуманов.

2. “Туруктуулук жана татыктуу жашоо” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасын ишке ашыруу боюнча 100 күндүк иш-чаралардын планын аткаруу максатында иштеп чыгарылган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун талкуулоо
Баяндоочулар: Тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери.

2.1. Жаңы фискалдык саясатты иштеп чыгуу жөнүндө
Баяндоочу: КР Экономика жана монополияга каршы саясат министри Т. Сариев. Комментарий: Салык консультанттар палатасынын төрайымы Т. Ким.

2.2. Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүн жана кен казып алуу тармагын реформалоо боюнча ченемдик укуктук актылардын пакетин иштеп чыгуу жөнүндө
Баяндоочу: КР Экономика жана монополияга каршы саясат министри Т. Сариев. Комментарий: Эл аралык ишкерлер кеңешинин мүчөсү К. Ашыркулов.

2.3. Туризмди өнүктүрүү боюнча орто мөөнөттүк иш-аракеттер программасын (мастер-планды) иштеп чыгуу жөнүндө
Баяндоочу: КР Маданият жана туризм министри И. Жунусов.
Комментарийлер: Кыргыз Республикасынын Ишкерлер союзунун туризм боюнча комитетинин төрагасы М.Халитов, Жибек жолу Туризм ассоциациясынын президенти А.Комиссаров.

2.4. Ишкерликтин субъектилерин текшерүүгө убактылуу тыюу салуу
Баяндоочу: КР Экономика жана монополияга каршы саясат министри Т. Сариев.
Комментарий: Кыргыз Республикасынын Ишкерлер союзунун аткаруучу директору З. Шайыков.

2.5. Лицензиялоо-уруксат берүү ишин ылайыкташтыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын алкагында негиздүү жана каралган лицензияларды жана уруксат берүүлөрдү жокко чыгаруу жөнүндө.
Баяндоочу: КР Экономика жана монополияга каршы саясат министри Т. Сариев.
Ккомментарий: «Форсайт» Комплекстүү изилдөөлөр фондунун директору, КР Премьер-министринин кеңешчиси Н.Ахметова.

2.6. Жеке менчикти тартып алууга (рейдерлик) аракет кылуу үчүн жазаны катаалдантуу маселелер жөнүндө КР Юстиция министрлигинин маалыматы
Баяндоочу: КР Юстиция министри А. Шыкмаматов.
Комментарийлер: бизнес-коомдоштуктардын төрагалары.

2.7. Башка маселелер.