Print this page

Кеңештин курамы

Четверг, 25 Сентябрь 2014 00:00

Кеңештин Төрагасы жана анын мүчөлөрү

1. Кеңештин төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы саналат.

2. Кеңештин курамына төмөнкүлөр кирет:

1) кызмат орду боюнча:

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын экономика жана финансы маселелерин тейлеген биринчи орун басары, Кеңештин төрагасынын орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);

- экономиканы өнүктүрүү жана ишкердикти колдоо, бюджет жана финансы чөйрөсүндөгү, инвестицияларды тартуу маселеси боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жетекчилери;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын реформаларга мониторинг жүргүзүү, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери;

- мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун координациялоо боюнча органдын жетекчиси;

- ишкердиктин субъекттеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчыларын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу адам (Бизнес-омбудсмен - макулдашуу боюнча);

- Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

- Кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча колдоо көрсөтүүчү өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн эки өкүлү (макулдашуу боюнча);

- ушул Жободо белгиленген жол-жоболорго ылайык бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү (макулдашуу боюнча);

- Кеңештин катчысы.

3. Кеңештин катчысын кошпогондо, Кеңештин мүчөлөрү анын ишине коомдук башталышта катышат.

4. Мамлекеттик органдардын өкүлү болбогон Кеңештин мүчөлөрүн шайлоо жол-жобосу төмөнкү жоболордун негизинде жүргүзүлөт:

- өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр өнүктүрүү боюнча көп тараптуу жана эки тараптуу эл аралык өнөктөштөрдөн алар тарабынан белгиленген тартипте ротациялык негизде өз өкүлдөрүн сунуштайт;

- Кеңештин катчысы Кеңештин жумушчу органынын ишин каржылаган өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштүн жол-жоболору боюнча конкурстук негизде дайындалат;

- бизнес-коомчулук өз талапкерлерин Кеңештин катчысына берет.

5. Кеңештин жыйналышына Кеңештин мүчөлөрү, Кеңештин кароосуна киргизилген маселелерди даярдоого түздөн-түз катышкан бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышат.