2020-жылдын 4-октябрына белгиленген КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНЕ ШАЙЛООГО КАТЫШКАН КЫРГЫЗСТАНДЫН ИШКЕРЛЕРИ МЕНЕН САЯСИЙ ПАРТИЯЛАРДЫН КООМДУК КЕЛИШИМИ

2020-жылдын 4-октябрына белгиленген КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНЕ ШАЙЛООГО КАТЫШКАН  КЫРГЫЗСТАНДЫН ИШКЕРЛЕРИ МЕНЕН  САЯСИЙ ПАРТИЯЛАРДЫН  

 

КООМДУК КЕЛИШИМИ

 

2020-жылдын 4-октябрында боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоого катышып жаткан бардык саясий партияларга Кыргызстандын ишкерлери бир катар бизнес ассоциациялары аркылуу ишкерлердин пикирин угуу чакырыгы менен кайрылышты.

 

Коом жаңы шайланган парламенттин мүчөлөрүнөн өлкөнүн экономикасын туруктуу өсүшүнө, социалдык өнүгүүгө алып бара турган жаркын идеяларды, күчтүү энергияны жана реалдуу иш-аракеттерди күтөт. Эгемендүүлүктүн отуз жыл ичинде өлкө күчтүү экономиканы түзө алган жок. Бул  эмгек миграцияга (миллионго жакын адам), жакырчылыкка (жалпы калктын 30% га жакыны), билим деңгээлинин төмөндөшүнө, саламаттыкты сактоонун жакырданышына, инфраструктуранын начардыгына, кеңири жайылган коррупцияга жана экономиканын көмүскө деңгээлинин жогорулашына (ИДӨгө карата болжол менен 44,5%) алып келди.

 

Кыргызстандын экономикасын кимдер жүргүзөт? Тейлөө чөйрөсүндө, соодада, товарларды өндүрүүдө, курулушта жана башка тармактарда иштеген адамдар. Алардын 88%ы  жеке сектордо иштейт. Катталган чарбалык субъекттердин 98%ын  жеке компаниялар түзөт. ИДӨгө кошкон салымдын 85%ы  - жеке сектордун үлүшү. Мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин дээрлик

80%ы жеке секторго салынган салыктардын эсебинен түзүлөт. Чакан жана орто ишканалардын, жеке ишкерлердин, дыйкан чарбалары менен фермерлердин саны 715 миңден ашуун бирдикти түзөт.

 

Жеке сектордун негизги ордуна карабастан, мамлекетте жеке секторду, чакан жана орто бизнести, аялдардын ишмердигин колдоо боюнча тутумдуу чаралар жетишсиз.

Мындан тышкары, мамлекеттик органдар менен мамлекеттик кызматкерлердин саны тынымсыз өсүүдө. Лицензия менен уруксат кагаздарын саны көбөйүп, укук коргоо жана текшерүү органдарынын кысымы күчөп жатат. Акыркы жылдары инвестициялардын  кетиши байкалууда. Кыргызстандын бизнести жүргүзүү боюнча эл аралык рейтинг көрсөткүчтөрү, дүйнөлүк атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү, коррупцияга каршылык деңгээли төмөндөп,   өлкөнүн кредиттик рейтингдери начарлап баратат. Кыргызстан өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн арасында гана эмес, ЕАЭБдин чегинде да экономикалык көрсөткүчтөрдүн бардыгы боюнча тездик менен артта калууда. Экономикалык өнүгүүнүн учурдагы  кадамы менен (ИДӨнүн жылдык өсүшүнүн 4%), биз Казакстандагы киши башына ИДӨнүн орточо деңгээлине, мисалы, 53 жылда жетебиз!

 

Өлкөнүн эң маанилүү милдеттеринин бири бул жеке сектор менен ишкердүүлүктү өнүктүрүү . Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 30-сентябрындагы “2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын жөнүндө”  Жарлыгы менен бекитилип,  артыкчылыктуу милдеттеринин тизмесинде көрсөтүлгөн. узак жылдар бою экономиканын өнүкпөй токтоп калышы жана мамлекеттин кысымынын күчөшү ишкерлерди “ак зонадан” качып, “көмүскөдө” иштөөгө же  Кыргызстандан кетип, жашоо менен иштөөгө жакшыраак шарттарды башка өлкөлөрдөн  издөөгө мажбур кылды. Айрыкча пандемия менен чек аранын жабылышы ишкерлерге өзгөчө залакасын тийгизди. Жогоруда айтылган жагдайларды эске алуу менен, Кыргызстандын ишкерлери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоого катышып жаткан саясий партияларды күч-аракеттерин Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө, калктын жашоо деңгээлин жана сапатын жогорулатууга, ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө жана инфраструктураны жакшыртууга багыттоого үндөйт.

 

Кыргыз Республикасынын жаңы шайланган Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан кабыл алынган мыйзамдар менен чечимдери, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан шайланган Өкмөт мүчөлөрүнүн чечимдери төмөнкүлөргө багытталган милдеттерин алууга саясий партияларды чакырабыз:

 

  1. Кыргызстандын экономикасынын жылдык өсүшү ИДӨгө карата 10% өлчөмүнө жетет. Муну жеке сектор менен ишкердиктин өсүшү менен камсыз кылууга болот.

 

  1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жаңы чакырылышынын беш жылдык мөөнөтүнүн аягына чейин, башкача айтканда, 2025-жылдын октябрына чейин улуттук дүң кирешени киши башына эсептегенде учурдагы 1 200 доллардан 1 900 долларга чейин көбөйтүү.

 

  1. 2021-жылга чейин кесипкөй кадрларды тандоодо ачыктык, айкындуулук жана меритократия (татыктуулук) принциптеринде иштеген чакан функционалдык мамлекеттик структураны түзүү.

 

  1. 2023-жылы Кыргызстанды дүйнөдөгү 40 мыкты өлкөнүн катарына кошуу:
  • бизнести жеңил жүргүзүү боюнча;
  • дүйнөлүк атаандаштыкка жөндөмдүүлүк индекси боюнча ;
  • коомдун коррупцияга каршылык деңгээли боюнча;
  • мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугу боюнча;

 

  1. Бардык ишкерлер үчүн ачык-айкын башкаруу менен бирге эмгек акыга болгон жалпы салык түйшүгү, социалдык чегерүүлөрдү кошкондо, 20% дан ашпаган жөнөкөй, так, акыйкат салык тутумун киргизүү.

 

  1. Лицензия менен уруксат кагаздардын санын 50гө чейин кыскартуу жана жаңы лицензия менен уруксат кагаздарды киргизүүгө тыюу салуу.

 

  1. Учурдагы пенсиялык тутумдан пенсия топтоо тутумуна өтүү.

 

 

  1. Коммерциялык талаш менен салыктык укук бузуулар үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартпай, экономикалык кылмыштарды укуктук жактан кайрадан иликтеп административдик, тартиптик жана башка укук бузуулар категориясына которуу же кылмыштуулук жок учурда актоо.  

 

  1. Бизнес жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышкан комиссиянын көзөмөлү менен салык жана бажы кызматын толугу менен реформалоо.